Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
19-январь күнү Ленин РИИБге чет өлкөлүк жаран кайрылып, Бейшеналиева жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинен баасы 72 миң сомду түзгөн Самсунг гелекси Швед24 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдатканын билдирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 1980-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.