Бишкекте белгилүү блогерлер «Сигма» деп таанылган Арген Керимов менен Аман Байсеитовдор жарыш уюштурушту. Алар видеону социалдык тармактарга жарыялашкан.
Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришкендей, экөөнө тең бейбаштык үчүн 15 миң сом айып салынган.
«Аман Байсеитовдун унаасы айып короого киргизилди. Арген Керимов Кыргызстандын сыртында жүргөндүктөн, анын унаасын да жакынкы күндөрү айып короого алып чыгуу пландалууда», — деп жазылат маалыматта.