Социалдык тармактарда Бишкекте массалык жол кырсык катталганы тууралуу видео жарыяланган. Милициянын кайгуул кызматынан маалымат беришти.
Кырсык бүгүн, 12-мартта саат 11:00 чамасында катталган. КамАЗ Махатма Ганди көчөсү менен түндүк тарапты көздөй бара жатып, №241 үй тараптан солго бурулуп жатып, Kia Morning жеңил унаасы менен сүзүшкөн. Кесепетинен КамАЗ каршы тилкеге чыгып кетип, Тойотой Фораннер, Хондой Фит унааларын сүзгөн. Ошондой эле түштүк тарапка бара жаткан скутерди сүзгөн.
Кесепетинен Хонда Фит унаасынын, скутердин айдоочусу жана скутердин жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram