Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-январда милицияга жаран арыз менен кайрылып, ошол эле күнү Бишкек шаарынын Көк-Жар жаңы конушунда жайгашкан мечиттеринин биринен садага кутусунан акча уурдап кеткенин билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1990-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды.