Журналист Зарылбек Шермаматов социалдык тармактагы баракчасына Памирден келген жаран сабалганын жазып чыкты.
«Памирден келген туугандарды кор кылганды качан токтотобуз? Бул баланы 26-мартка караган түнү сабап кетишиптир. Бетине урбаганы менен бөйрөк, боорго катуу ургулашыптыр. Милицияга арыз менен кайрылышса, «силер бул жерде катталган эмессиңер» деп карабай жатыптыр. Мыйзам чегинде сүрүштүрүп коюшса болмок. Алтын-Казык конушунда болгон окуя. Жабырлануучулар кыйналып жашашат экен», — деп жазган ал.
Окуя боюнча Биринчи Май РИИБден маалымат беришти. «Милицияга жаран арыз менен кайрылган. Анда «Б» аттуу жигит 25-мартта саат 22:20 чамасында 2002-жылы туулган уулун сабап койгондугун айткан. Аталган окуя катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.