Бишкекте ден соолукка оор залал келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Буга чейин милиция маалымат таратып, Бишкекте 51 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылганын билдиришкен.
Маалыматка караганда, 29-сентябрда болжол менен саат 07:43 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Бишкектеги Интергельпо менен Дмитров көчөлөрүнүн кесилишинде эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция тарабынан маркумдун 1971-жылы туулган жаран экени аныкталган. Денесинде криминалдык тактар болгон. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Шектүүлөрдү издөө жүрүп жаткан.
Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду. 6-октябрда кылмышка шектелип, 1982-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.