Abank_nov
SerepTV Logo

Бишкекте сомду юанга алмаштырып берүү шылтоосу менен 914 миң сомду алдап алган шектүү кармалды

Бишкекте сомду юанга алмаштырып берүү шылтоосу менен 914 миң сомду алдап алган шектүү кармалды
 
Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Ж.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда К.А. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, 17-октябрда Калык Акиев көчөсүндө аталган жаран анын ишенимине кирип, улуттук валютаны кытай юанына алмаштырып берүү шылтоосу менен 914 360 сом өлчөмүндөгү акчасын алдап алган. Андан соң алган милдеттенмесин аткарбастан, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1996-жылы туулган К.А. аттуу шектүү кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Ал Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда анын ушул сыяктуу дагы үч кылмыш фактысына тиешеси бар-жогу аныкталууда.

Урматтуу жарандар! Эгерде сиз дагы аталган жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан болсоңуз, төмөнкү телефон номерлерине кабар берүүңүздөрдү өтүнөбүз:
0 700 314 738,
0 703 532 353 же 102.

Тергөө иштери улантылууда.
SEREP MEDIA