Суусамыр өрөөнүндө мектептин китепканасы жана спорт залы өрттөндү
19-ноябрда саат 09:50 чамасында Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылындагы орто мектептин китепканасынан жана спорт залынан өрт чыккан.
Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барышкан. Окуя болгон жерден өрт кырсыгынан жабырлануучулар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан окуянын бардык жагдайларын тактоо жана тиешелүү териштирүү иштерин жүргүзүү улантылууда.