Бишкекте эркек киши аял кишинин мурдун сындыра чапкан. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ашкана кызматкери билдирди.
«Мен сиздерден жардам сурайын дегем. Кечээ шаардын борборундагы ашканалардын биринде коркунучтуу окуя болду. Эртең менен саат 10:30да киши чай алганы келип, баасын билгенде жини келип, «эмнеге мынча кымбат» деп ызы-чуу кылды. Биздин туруктуу кардар кассирге болушканда, эркек киши анын мурдун сындыра чапты. Баары ушунчалык тез болуп кетти, биз эч нерсени түшүнбөй калдык. Бизде чай 15 сом турат», — деди ал.