Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 27-октябрындагы токтому менен блогер Гүлзат Мамытбек 25-ноябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган райондук соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, ал Юстиция министрлигине караштуу ЖАМКтын №21 тергөө изоляторунда болот.
Гүлзат Мамытбек 26-октябрда алдамчылыкка шектелип кармалган. Анын үстүнөн 7 жабырлануучу арыз жазып, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң доллардан ашкан.