Блогер Гүлзат Алымкулова кармалды. Ал коомчулукка Гүлзат Мамытбек деген ат менен белгилүү. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек ШИИБден тастыкташты.
Милициянын берген маалыматына караганда, Биринчи Май РИИБге 7 адам арыз менен кайрылып, алар Гүлзат Мамытбекти алдамчылыкка айыпташкан. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң доллардан ашкан. Факты Биринчи Май РИИБге катталып, Жазык кодексинин 204-беренесине ылайык (алдамчылык) сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
«Алынган маалыматтарга караганда, ал 2020-жылдын февраль айында Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. 2020-жылдын 8-июнунда аталган жаранга кылмышка шектелип жаткандыгы тууралуу сырттан билдирилген. Ал эми 2020-жылдын 13-июлунда ага карата сырттан СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү чечим чыккан. Ошол эле жылдын 8-августунда соттук иш убактылуу токтотулуп, издөө жарыяланган. Кечээ, 25-октябрда Гүлзат Мамытбек Кыргызстанга келери менен кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланып жатат», — деп айтылат маалыматта.