Таласта 36 жаштагы келиндин өлүмүнө жолдошу шектелип жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Талас РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу айылынын тургунунан билдирүү келип түшкөн. Анда 17-октябрга караган түнү саат 03:30 чамасында аталган айылда 1983-жылы туулган аялын 1984-жылы туулган жолдошу өлтүрүп салган деп айтылган. Окуя болгон жерге Талас РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыккан. Текшерүүдө Кара-Суу айылынын тургуну келинчеги менен өз ара чатакташып, бычак менен сайып өлтүрүп салгандыгы аныкталган.
Аталган факты Талас РИИБге Жазык кодексинин 130-беренеси менен катталып, тиешелүү соттук экспертизалары дайындалып, азыркы учурда шектүү 2 айга камакка алынды. Учурда факты боюнча тергөө жана иликтөө амалдары жүргүзүлүп жатат.