Бүгүн, 12-мартта саат 08:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 153-чакырымында кырсык катталып, аял киши каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан маалымдашты.
Кырсыкка күбө болгондордун айтымында, Mercedes-Benz унаасынын 67 жаштагы айдоочусу тез ылдамдыкта айдап бара жатып, бурулуш жерден рулду башкара албай калган. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаа оодарылып калып, 61 жаштагы аял алган жаракатанынан мүрт кетти. Айдоочу жана дагы 2 жүргүнчү ооруканага жеткирилди. Каза болгон аял жана жабыркагандар Балыкчы шаарынын тургундары. Экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.