Чүй районунун акими кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
16-декабрда УКМК тарабынан кум-шагыл аралашмаларын казып алууга күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү жолу менен кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Чүй районунун акими кармалды.
«Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы №43 токтомунун талаптарын бузуп, 0,1 гектардан ашпаган аянттагы дарыянын нугунан кум-шагыл аралашмасын казып алууга лицензия берүүгө уруксат берген, бирок иш жүзүндө 20 гектар жер участогун пайдаланууга уруксат бергени аныкталган.
Мындан тышкары, Чүй районунун акими айрым чарбалык субъектилер менен кылмыштуу кутумга кирип, ошондой эле жакын тууганынын кызыкчылыктарын коргоо максатында өлкөнүн мыйзамдарын бузуу менен күбөлүктөрдү берүүгө уруксат берген»,- деп айтылат маалыматта.












