Социалдык тармактын колдонуучулары Чүйдө 17 жаштагы кыздын зордукталганын жазып чыгышты. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден окуя боюнча маалымат беришти.
Маалыматка караганда, 7-августта Аламүдүн РИИБге 1964-жылы туулган жаран кайрылып, 7-августка караган түнү Лебединовка айылында 2005-жылы туулган кызын зордуктаган жарандарга чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, тергөө жүрө баштаган.
Ал арада видео тарап, видеодо кызды «Алтын казына» тойканасынын эки кызматкери зордуктаганы айтылган.