Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсыктын чоо-жайын айтышты.
Кечээ, 17-ноябрь күнү саат 18:00дөр чамасында жолдун 29-чакырымында «Түндүк электр» ишканасына тиешелүү УАЗ менен Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, жеңил унаанын 41 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып кеткен. Унаа УАЗ менен сүзүшүп, күйүп баштаган. Өрттөнүп жаткан унаанын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү алган жаракаттарынан улам ошол жерде каза болду. Тойота жана УАЗ унааларынын 4 жүргүнчүсү Кант шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилген.