4-апрелде саат 14:00дө Алга айылына жакын жердеги суу сактагычтын жанындагы талаада жергиликтүү тургун жерде жаткан жана скотч менен оролгон адамды көрүп, дароо миилцияга кабарлаган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери тарабынан анын 1989-жылы туулган жаран экени аныкталган. Анын оозу, көзү, колу, буту, денеси скотчтолгон абалда болгон. Бошотулган жаран арыз менен кайрылып, 3-апрелде саат 20:00дөр чамасында Бишкек шаарында белгисиз адамдар менен жолугуп, өздөрүн мурда сатыкка коюлган Range Rover үлгүсүндөгү унааны сатып алам деп тааныштырганын билдирген. Достоевский жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинен жолугуп, бул адамдар өлтүрөм деп коркутуп, күч колдонуп, скотч менен ороп, унаанын документтерин, 50 000 сом акчасын жана iPhone 11 Pro телефонун алып кетишкен. Ал эми Range Rover унаасын белгисиз тарапка алып кетишкен.
ИИМдин БМЖКККнын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызмат адамдарынын акча каражаттарын талап кылуу жана...











