Адвокат Шердор Абдыкапаров милиция кызматкери сабалганын айтып, окуя тууралуу айтып берген. Чүй ОИИБ маалымат таратып, шектүүлөр кармалганын билдирди.
14-апрелде саат 04:00 чамасында 30-35 жаштар чамасындагы белгисиз адамдар Кант шаарындагы 24-базардын жанында 1991-жылы туулган милиция кызматкерин сабап кетишкен. Жабырлануучу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Бул факты катталып, 280-берене (бейбаштык) менен кылмыш иш козголду. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, жабырлануучу 1991-жылы туулган жаран Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү экени аныкталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө, кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү аныкталган. Алар 1989, 1991 жана 1989-жылы туулган жарандар болгон. Кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram