Эки чет элдик жаран 120дан ашуун адамга КРнын жасалма электрондук визасын жасаган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
«Козголгон кылмыш ишинин алкагында Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн биринин жарандары А.М.З. жана Б.Д. кармалып, алар Кыргызстанга акчалай сыйлык алуу үчүн ишкерлердин кейпин кийип, Бишкек жана Жалал-Абад шаарларынын аймагында мыйзамсыз мигранттардын арасында жасалма документтерди даярдоо жана сатуу каналын уюштурушкан», — деп айтылат билдирүүдө.
Посмотреть эту публикацию в Instagram