Социалдык тармактарга пост жазганы үчүн кармалган 75 жаштагы пенсионер Салия Таштанова үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 4-декабрга чейин үй камагында болот. Аялга карата 327-берене “бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу” боюнча айып тагылган.
Кармалган дагы бир аял — 44 жаштагы Чыныгүл Шеркулова 4-ноябрга чейин камакта калтырылды.