Маалыматка караганда, кырсыктан Чаңгет-Сай айылындагы Жаштык көчөсүндөгү 156 чарчы метр болгон эки кабаттуу шифер менен жабылган сарайдын чатыры толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 300 түк чөп, 5 метр куб жыгач отун жана 2 баш кой күйүп кеткен. «Өрт чагылгандын түшүшүнөн чыккан. Мындан сырткары Жаштык көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда 4 баш кой чагылган уруп өлгөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган«, — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда жер титиреди
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 15:24тө Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө...