Социалдык тармактарда Кара-Балта шаарында Даун синдрому менен жабыркаган жигитке кол көтөрүү болгон учурда тартылган видео тарап жатат.
Видеодон көрүнгөндөй, эркек киши болжолдуу мас абалында болгон. Ал жигитке тийишип, андан соң аны менен чапкылашып жатканын көрүүгө болот. Экөөнү өтүп бара жаткандар бөлүштүргөн. «Сантерра» уюму Даун синдрому менен жабыркаган балага кол көтөргөн жаранды таап, жазалоону талап кылышты.
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатканын билдирди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram