Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, ал жерден кызыл түстөгү канга окшогон суюктуктун үлгүлөрү жана сары түстөгү ок дарынын атылган эки даана гильзасы табылган. Окуядан улам жараат алган Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургунуна экспертизалар дайындалган. Жабырлануучу денесинин сол бутунан жана башынан ок атуучу куралдан жараат алып, Кара-Суу райондук ооруканасына кайрылган.
Өзгөндө келин асынып каза болгон окуяны Ош облустук милициянын жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды
12-апрель күнү саат 19:00 чамасында Өзгөн РИИБге Өзгөн районунун тургуну 29 жаштагы А.к.А. аттуу жаран үйүндө асынып каза болгондугу тууралуу...











