Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана аларды каржылоо булактарына бөгөт коюу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшүндө, УКМК тарабынан «Уюшкан кылмыштуу топко катышуу» фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө маркум Камчы Көлбаевдин 500 миң доллардан ашык баалуу асыл тукум жылкы түрүндөгү кошумча мүлкү аныкталып, алынды.
“Баш кашка” англис породасы – баасы 150 миң доллар, “Командор” англис породасы — 100 миң доллар, “Раушан” англис породасы — 100 миң доллары, “Дончак” англис породасы — 100 миң доллар, “Кундуз” таза кандуу англис породасы – 50 миң доллар, “Байтал” таза кандуу англис породасы – 50 миң доллар, “Острый” – 15 миң доллар, ошондой эле Рыспек Акматбаевдин туугандарынын сарайынан Камчы Көлбаев тарабынан алынган аты жок асыл тукум бээ – баасы 5000 доллары.
Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызмат адамдарынын акча каражаттарын талап кылуу жана...
16-апрелде УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн...
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө УКМК Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады....
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды....