Лейлек районундагы тоолордогу мал сарайда жашынып, иштеп жүргөн чет өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
18-июлда Баткен ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чарасынын негизинде, Лейлек районунун тоолуу аймактарынын биринде чет өлкөнүн 37 жаштагы кармалган.
Ал Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, 2-июндан бери Лейлек районунун 64 жаштагы тургунунун мал сарайында жумуш кылып, жан багып жүргөндүгү аныкталган.
Бул факты Баткен ОИИБге Кылмыш жаза кодексинин 378-беренесинин (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде катталып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ал эми мыйзамсыз миграция иштерин уюштурган 64 жаштагы жарандын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.