ИИМге Маданият министрлигинин кызматкерлери тарабынан жасалма документтердин негизинде 1 миллион 800 миң сомдук курулуш иштери жүргүзүлгөндүгү жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөн.
18-январда аталган факты боюнча коррупция беренеси менен кылмыш иши козголуп, Маданият министрлигине караштуу мекемелеринин биринин жетекчиси 1992-жылы туулган Б.И.Б. кармалды. Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, бөгөт коюу чарасы каралууда.