MCN Coin уюштуруучуларынын бири Исрадин Субанбеков кармалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
УТРК берген маалыматта Исрадин Субанбеков МСN Coin иштегенине 1,5 жыл болгонун айткан. Шектүүнүн айтымында, өзүнүн туруктуу блокчейни жок. “Мунун баары алдамчылык болчу. Кыргыз элимден кечирим сурайм! Өзүбүздүн кызыкчылык үчүн иштеп, элиталык үй алдым, Lexus 570 машина алдым, жалпы жонунан 2,5 миллион доллар пайда таптым. Жети облусту кыдырып, мыйзамсыз иштедик. Азыр элдин акчасын кайтарып бере албайбыз. Промоушндарды калп айтып уюштурганбыз” деген ал.
ИИМдин БМЖКККнын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызмат адамдарынын акча каражаттарын талап кылуу жана...










