Орусиянын Курск облусунда кыргызстандык кыз милицияга 100 миң рубль пара берүүгө айыпталып, 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Курск облусунун сот системасынын биргелешкен басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалган кыз Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн. Укук коргоо органдарынын айтымында, айыпталуучунун документтерин текшерүүдө аларга 100 миң рубль пара сунуштаган. Мыйзам сакчылары акчадан баш тартышкан.
«Айыпкер Кыргыз жараны экенин жана Орусиянын аймагында туруктуу жашаган жери жок экенин эске алып, ага карата сот тарабынан эки айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Тергөө иштери жүрүп жатат.