Аламүдүн районунда өзүнүн тааныш адамын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-декабрда милицияга Аламүдүн районунун Лесхоз айылынын тургуну 1978-жылы туулган жарандын бычактан жаракат алган, жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишине шектүү катары 1986-жылы туулган жаран кармалып, ал жабырлануучу менен спирт ичимдиктерин ичип олтуруп, ортодо чыккан чыр-чатактан улам, бычак менен жабырлануучуну моюн тарапка сайып жибергени аныкталган. Тергөө амалдары улантылууда.