30-июль күнү Нарын районунун Учкун айылынын 1982-жылы туулган тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө чейин ИИМдин кызматкерлери жана туугандары биргеликте өз алдынча издешкен.
Кечээ, 16-август күнү ӨКМге туугандары кайрылып, Нарын дарыясынан издеп берүүнү суранган.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес, бүгүн издөө иштери уланууда.