Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин иши боюнча алгачкы соттук отурум башталды.
Ага Фейсбук жана Инстаграм социалдык түйүндөрүндөгү билдирүүсү үчүн 330-берененин негизинде “расалык, улут аралык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу” деген айып тагылган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, телеканал социалдык тармактардагы ресурстарды пайдаланып, Украинадагы атайын операция учурунда Кыргызстандын Орусияга аскердик жардам көрсөтүүсү тууралуу келишим боюнча жалган маалымат тараткан. Булак катары ЖМК Казакстандын УКМКсынын мурдагы жетекчисине шилтеме жасап жатышат.
Аталган канал Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысынын айтканына шилтеме берүү менен маалымат жарыялап, аны социалдык түйүндөрдө таратканы үчүн кылмыш иши ачылганы маалым болгон. Экспертиза бул маалыматта «улуттар аралык кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан. Каналдын директору кармалып, камакка алынган.