Оорулуу адамдарга жардам чогултуп, 30 миң долларга унаа сатып алган жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
ИИМден маалымдагандай, алдамчылыкка шектелген 25 жаштагы кыз негизинен түштүк облустарда иш алып барган. Өзүн ооруган адамдын тууганы же ыктыярчы катары көрсөтүп, катуу ооруп жаткан балдарга жардам көрсөтөм деп алдап акча чогултчу. Ал элди алдоо максатында ар кандай схемаларды колдонгон.
Министрлик социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда элүү жаштагы, 2024-жылдын март айында эле кайтыш болгон адамга кайрымдуулук жардам чогултуп жаткандарды аныктаган. Шектүү бир катар жардамга муктаж адамдын эски видеоматериалдарын пайдаланып акча чогултуп келген. Талдоо учурунда мобилдик капчыктын номерлери дайыма өзгөрүп турганы байкалган.
«25 жаштагы кыз социалдык тармактар аркылуу тапкан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга банк карталарын каттатып ачтырган. Аларга каржылык жардам убада кылып, жеке маалыматтарын алган. Алардын атына онлайн банк эсебин ачып, бирок өзүнүн электрондук капчыгына байлап алган. 2024-жылдын ноябрь-декабрь айларында эле электрондук капчыктарга 2 500 000 сомдон ашык акча түшкөн», — деп жазылат билдирүүдө.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2000-жылы туулган кылмышка шектүү жаран 30 миң доллардан ашкан BMW унаасын сатып алганы аныкталган. Ал 17-январь күнү Ош шаарынан кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин тергөө кызматына тапшырылган. 19-январда баш коргоо чарасы каралып, Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алынган.
Шерменде, так ошол адамдардай муктаж болуп жалдырап кал эшек. Ушунчалык акмактар болобу тобо кылдым