Саратов облусунун Дергачевский районундагы трассада унаа оодарылып кеткен жол кырсыгынан жабыркаган төрт адамдын бири ооруканада каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Олег Костин өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
Анын айтымында, 57 жаштагы Кыргыз жараны (аял киши) каза болду. Олег Костин тактагандай, дагы эки жабырлануучу — оор жаракат алган 58 жаштагы аял жана орточо оор абалда 19 жаштагы жигит Дергачевская райондук ооруканасынан №1 клиникалык ооруканасына жеткирилген.
29-апрель күнү кечинде Саратовго жакын жерде жол кырсык катталган. Унаанын ичиндеги 4 адам тең кыргызстандыктар болгон.