УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү «Опузалап пара талап кылуу» боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, 25-июнда 1985-жылы туулган, Ош гарнизонунун чек ара ведомствосунун офицери З.Т.С. кармалды. Аталган кызматкер материалдык пайда алуу максатында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ар кандай шылтоолор менен узак убакыт бою чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринен системалуу түрдө акча талап кылган.
ИИМдин БМЖКККнын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызмат адамдарынын акча каражаттарын талап кылуу жана...











