Алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн Ош шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ош шаарынын 47 жаштагы тургуну 2019-жылы Лейлек районунун аймагында алдамчылык менен алектенип, кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн. Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип 4 жылдан бери издөөдө жүргөн шектүүнүн жүргөн жери аныкталып, Бишкек шаарынан кармап келинген. Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.