Ошто 28 жаштагы бир тууган инисин өлтүрүүгө шектелген жарандын бөгөт чарасы каралып, эки айга камакка алынды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук сотунан билдиришти.
Ош ШИИБдин басма сөз кызматы 21-сентябрда Ош шаарында адам өлтүрүү фактысы катталганын билдирген. Анда 31 жаштагы агасы инисинин бут тарабына бычак сайган. Ал алган жаракатынан көз жумган. Шектүү берген көрсөтмөсүндө каза болгон иниси күн сайын спирт ичимдигин ичип келип, үйдө чыр чыгарып, апасы экөөнө тынчтык бербегендиктен, ачууга алдырып, ушул ишке баргандыгын айткан.