Кара-Сууда мурдагы мамлекеттик кызматкерлер коррупцияга шектелип кармалышты. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан 2023-жылдын 23-февралында Кылмыш жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында РИИБ жана прокуратура органдары тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу багытында ыкчам-тергөө амалдары башталган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун аймагында базар баасы 21 375 000 сомду түзгөн жер тилкелери эч жерде каттоосу жок токтомдун негизинде жарандарга мыйзамсыз ажыратып берилгендиги аныкталып, 27-сентябрь күнү кылмыш иштин беренеси коррупцияга квалификацияланган.
13-сентябрь күнү бул кылмышка шектүү катары Шарк айыл аймагынын мурдагы жер адиси, ал эми 28-сентябрь күнү Кара-Суу райондук Кадастр мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси жана Кара-Суу райондук Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы кармалып, камакка алынган.
Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттердин кошумча эпизоддору аныкталды. Буга чейин кызматтык абалынан...
Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Тышкы иштер министрлигинин мурдагы жетекчилери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары...
УКМК жетекчилиги системаны тазалоо, ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун жогорулатуунун жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн алкагында кадрдык курамды активдүү тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул...
Нарын облустук милициясы маалымат таратып, 1-апрель күнү Нарында 7-класстын окуучусу Эрбол Абийиров өз жанын кыйганын билдирген. SEREPTV каналы Эрболдун бир...
УКМК тарабынан 2024-жылдын сентябрь айында жашы жете электерди Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары мыйзамсыз алып чыгуу үчүн туруктуу каналды уюштуруу, Кылмыш-жаза...