Ош облусундагы Разаков көчөсүндөгү каналга 18 жаштагы кыз түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.