Ош шаарынын жашоочусунан 20 миӊ доллар опузалап талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 36 жаштагы жашоочусунан ири суммадагы акчаны опузалап талап кылып жаткан жаран кармалды. Кылмышка шектүү Ош шаарынын 1987-жылы туулган тургуну экендиги, ал адам өлтүрүү үчүн мурда соттолгондугу аныкталган. Милицияга 1-март күнү Ош шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, аны жаран өмүрүнө, жакындарына коркунуч келтирип, 20 миӊ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын бир нече күндөн бери Вотсап аркылуу опузалап, талап кылып жаткандыгын билдирген. Арыз катталып, Жазык кодексинин 208-беренесинин (опузалап талап кылуу) белгилери менен кылмыш иши козголгон. Кечээ, 2-март күнү Ош шаарындагы кафелердин биринде аталган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан учурда шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.











