Скутер айдап бараткан 17 жаштагы өспүрүмдү коюп кеткен унаанын айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
24-февраль күнү саат 21:00 чамасында Бишкекте скутердин айдоочусу 2007-жылы туулган өспүрүмдү «БМВ-740» үлгүсүндөгү унаа сүзгөн эле. Анын кесепетинен скутердин айдоочусу денесине алган оор жаракаттардан эсине келбей каза болгон. Шектүү 1999-жылы туулган жаран Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.









