Талас районунда такталган маалымат боюнча, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 18 чакырымында Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 адам ( 1971-жылы туулган аял жана 1968-жылы, 1978-жылы туулган эки эркек) ар кандай жеңил жаракаттар алышты. Кырсык катталган жерге 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалдары туруктуу.
ИИМдин БМЖКККнын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызмат адамдарынын акча каражаттарын талап кылуу жана...











