Салык кызматынын Айтматов району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«Глобал Корумтор Майнинг» ЖЧКсын мыйзамсыз банкроттук жол-жобосу боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Салык кызматынын Айтматов району боюнча башкармалыгынын киреше бөлүмүнүн башчысы кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ал «Глобал Корумтор Майнинг» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп алып, жогоруда аталган компанияга мамлекетке салык карызы жок экендиги тууралуу маалыматтык катты мыйзамсыз берип, анын банкрот деп табылышына өбөлгө түзгөн. Шектүү жалган маалымкат берүүнүн изин жашыруу максатында маалымат базага «Глобал Корумтор Майнинг» ЖЧКнын мамлекетке 213 миллион 134 миң 589 сом карызы тууралуу маалыматты киргизген. Натыйжада ЖЧК банкрот деп табылып, мамлекеттин кирешесине 213 миллион 134 миң 589 сом өлчөмүндө милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн мыйзамсыз бошотулган.
Учурда кылмыш ишинин алкагында жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.