8-ноябрь күнү кечинде Бишкектеги Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектердин биринде ымыркай табылгандыгы тууралуу маалымат тараган. Милиция ымыркайдын апасы табылганын билдирген. Баланы таап алып, Тез жардам кызматына өткөрүп берген пакистандык студент SUPERTV’га окуянын кандай болгонун айтып берди.
«Биз таштандыдан кара баштык таптык. Абалы аябай начар болчу. Мен кошунама чалдым. Ал Тез жардам чакыруу керектигин айтты. Тез жардам 5 мүнөттө келип, милиция да чакыруу керектигин айтышты. Милиция да келди. Бир кыргыз бала футболкасын чечип берди. Ымыркай ыйлап жаткан. Мен мындайды өмүрүмдө көргөн эмесмин», — деди ал.












