Шейшемби, 21.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

«Телефонун тартып алып, баңгизат берген». Бишкекте 15 жаштагы кыздын сойкулукка мажбурланышы боюнча маалымат беришти

15:08 29.08.2025
0
«Телефонун тартып алып, баңгизат берген». Бишкекте 15 жаштагы кыздын сойкулукка мажбурланышы боюнча маалымат беришти

Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин жашы жете элек кызды сойкулукка мажбурлаган кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Акыйкатчыга ушул жылдын июнь айында 2024-жылы бир ай бою сексуалдык кулчулукка кабылган 15 жашар кыздын жакындары кайрылып, кыздын укугун коргоп берүүнү өтүнгөн. Кыздын апасы менен жактоочусу Акыйкатчыдан күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын алууга көмөк көрсөтүүнү суранып, тергөө объективдүү болбой, айыпталуучулар жазадан кутулуп кетиши мүмкүн экенин билдиришкен.

Апасынын айтымында, 2024-жылы кызы үйдөн чыгып кетип, бир айдай дайынсыз болгон. Кыздын жаңы тааныш кызы аны үйүнө убактылуу жашап турууга чакырып, акча жагынан жардам берүүнү убадалаган. Көп өтпөй ал өспүрүмдөн анын үйүндө жашаганы жана тамак-ашы үчүн акча талап кылып, 20 миң сом карыз кылып койгон. Бир нече күндөн кийин иштеп карызды кутуласың деген жүйөө менен коркутуп, кызды башка аялга өткөрүп берген.

Жактоочунун айтымында, эки аялдын сүйлөшүүсүнө күбө болгон адам алар кыздын жашы жете электигин билишкенин ырастаган. “Аял өспүрүмдүн телефонун тартып алган. Аны сабап, наркотикалык заттарды берип, сойкулукка мажбурлашкан. Мындай жийиркеничтүү окуялар Кулиев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде болгон. Эки аял тең өздөрүнүн сойкулукка аралашканын моюнга алышкан”, – деп билдирди жактоочу.

Өспүрүм кыз көп кабаттуу үйдүн алтынчы кабатынан секирүүгө аракет кылганда гана кошуналар байкап, батирдин кожойкесин чакырышкан. Ал келген учурда кыз батирден качып чыгып, кошуналардын эшигин каккылап жардам сураган. Ошол жердин жашоочуларынын чакыруусу менен милиция келген.

2024-жылдын 26-сентябрында Биринчи Май РИИБ бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин 3-бөлүгү (Жашы жете элек баланы сойкулукка тартуу) менен кылмыш ишин козгоп, эки аял кармалган. Бирок тергөө маалында кылмыш иши 159-берененин 3-бөлүгүнөн 1-бөлүгүнө өзгөртүлүп, жазаны жеңилдөөтү аракети көрүлгөн. Ага кошумча, Биринчи Май райондук прокуратурасынын кызматкерлери айыпталуучулар менен күнөөнү моюнга алуу тууралуу процессуалдык келишим түзүшкөн. Кийин кызга райондук сот тарабынан болгону 100 миң сом айып салынган өкүм чыккан. Жабырлануучунун адвокаты бул өкүмгө нааразы болуп, шаардык сотко апелляциялык арыз берген. Ал эми, экинчи аял боюнча иш биринчи инстанцияда каралып жаткан.

Жамиля Жаманбаева Башкы прокуратурага өспүрүм кыздын укуктарын коргоону жана айыпталуучулардын кылмыш иштерин жеңилдетип өзгөртүүнүн мыйзамдуулугун жана түзүлгөн процессуалдык келишимдин негиздүүлүгүн текшерүү зарылдыгын белгилеп расмий кат жолдойт.

Акыйкатчы экөөнүн аракеттеринде өзгөчө оор кылмыштын ачык белгилери болгондугуна карабастан, алардын иши жеңил кылмышка теңелгенин баса белгилейт. Акыйкатчынын кайрылуусунун жыйынтыгында, август айында Биринчи Май райондук сот аялга карата козголгон кылмыш ишин кайра тергөөгө кайтарды. Ал эми, кыздын иши болсо шаардык соттон райондук сотко жаңыдан кароого жөнөтүлдү.

Акыйкатчы укук коргоо органдарын кылмыш ишин кайрадан тыкыр иликтеп, калыс карап чыгууга чакырат.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

УКМК: Сокулукта милиция кызматкерлери пара менен кармалды

УКМК: Сокулукта милиция кызматкерлери пара менен кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:42 18.04.2026
0

16-апрелде УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн...

Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:40 17.04.2026
0

Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...

УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:24 17.04.2026
1

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө УКМК Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады....

91 миллион сомдон ашык салыкты мыйзамсыз эсептөө аныкталды

91 миллион сомдон ашык салыкты мыйзамсыз эсептөө аныкталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:46 17.04.2026
0

Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды....

Чүй облусунда 5 жаштагы кызды сүзүп кетүүгө шектелген айдоочу кармалды

Чүй облусунда 5 жаштагы кызды сүзүп кетүүгө шектелген айдоочу кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:42 17.04.2026
0

14-апрелде саат 19:35те Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Сосновка айылында болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, окуя...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

16:31 20.04.2026
Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

09:26 21.04.2026
Жапаров Токаевге көрүнүктүү казак акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Жапаров Токаевге көрүнүктүү казак акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

14:50 20.04.2026
Саламаттыкты сактоо министрлиги интернетке тараган дарыгерлердин айлыгы боюнча түшүндүрмө таратты

Саламаттыкты сактоо министрлиги интернетке тараган дарыгерлердин айлыгы боюнча түшүндүрмө таратты

11:13 21.04.2026
Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылыкка аттанат

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылыкка аттанат

09:53 21.04.2026
Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

09:26 21.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү