Кечээ, 8-январда социалдык тармактарда Чүйдө катталган жол кырсыктын видеосу тараган. Volkswagen Polo үлгүсүндөгү унаа 3 жашар кызы менен турган аялды сүзүп кетип, бөбөк чарчап калган.
Чүй облустук милициясы маалымат таратып, айдоочу кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, кырсык 8-январда Шамшы менен Киров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
«Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголду. Унаанын арткы дөңгөлөгү жайкы болгондуктан Фольксваген Поло унаасынын 1964-жылы туулган айдоочусу унааны башкара албай калып, 1998-жылы туулган келин менен анын 2021-жылы туулган кызын сүзүп кеткен. Кесепетинен наристе чарчап калган. Айдоочу кармалып, камакка алынды»,- деп айтылат маалыматта.