Бүгүн, 21-ноябрда Токтогул шаарында үч жаран 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-ноябрда Токтогул шаарынын тургуну арыз менен райондук ИИБге кайрылган. Анда ушул жылдые июнь айынан тартып анын 2011-жылы туулган кызын 27, 19 жана 15 жаштагы жарандар күч колдонуп зордуктап келишкенин билдирген.
Арыздын негизинде зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ошондой эле кызга карата тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.










Bedava Film İzle – 2025 liste
173u6x