Буга чейин укук коргоочу Камил Рузиев Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айылында майып кыздар зордукталганын жазып чыккан.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден кылмыш боюнча маалымат беришти.
«13-июнда Түп РИИБге жергиликтүү тургун кайрылган. Ал өз арызында анын 23 жаштагы жана дагы 2 жашы жете элек кызы 2022-жылдан бери аталган райондогу айылдардын биринде таенеси менен жашап келгенин айткан. Ошол учурда апасынын 67 жаштагы күйөөсү (кыздардын таятасы эмес) анын кыздарын көп убакыттан бери зордуктап келгенин билдирген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Сурак учурунда шектүү күнөөсүн мойнуна алган эмес. 14-июнда соттун чечими менен шектүү 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат»,— деп айтылат маалыматта.