Чет элдик валюталык жасалма акчаларды мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, 22-августта экономикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, чет өлкөлүк валюталык жасалма акчаларды алып келүү жана таратуу фактысы аныкталган.
Манас районунун «Чоң-Капка унаа жолу» өткөрүү пунктунун аймагында жайгашкан акча алмаштыруучу жайлардын биринде ири өлчөмдөгү жасалма АКШ долларын сатууга аракет кылып жаткан жеринен 1996-жылы туулган Казакстандын жараны кармалды. Бул факты 225-берене (акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган жаран Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Азыркы учурда бул фактынын бардык жагдайларын изилдөө жана мүмкүн болгон шериктерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.