Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында кароосуз калган шахта урап, ичинде 1963-жылы туулган эркек адам калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ал жерге саат 19:50дө 13 куткаруучу тартылып, каза болгон жаранды чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти. Куткаруучулар терс окуясыз туруктуу жайгашкан ордуна кайтып келишти.