Abank_nov
SerepTV Logo

Кыргызстандын курама командасы спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында 5 медаль жеңип алды

Кыргызстандын курама командасы спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында 5 медаль жеңип алды
 
24-октябрдан 1-ноябрга чейин Казакстандын борбору Астана шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Мелдештер грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча уюштурулду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Дүйнө биринчилигинде Кыргыз Республикасынын намысын 22 спортчу коргоду. Мелдештин жыйынтыгында улуттук курама команда эки күмүш жана үч коло медаль жеңип алды. Грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (82 кг чейин) жана Амантур Исмаилов (72 кг чейин) коло медалдардын ээси болушту. Кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг чейинки салмак ченинде күч сынашкан Мээрим Жуманазарова күмүш медаль тагынды. Эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев (70 кг чейин) күмүш медалга ээ болсо, Малик Шаваев (86 кг чейин) коло медаль жеңип алды.

Командалык эсепте Кыргызстандын курамасы грек-рим күрөшү боюнча 14-орунду, кыз-келиндер күрөшү боюнча 10-орунду жана эркин күрөш боюнча 6-орунду ээледи. Ошентип, кыргызстандык балбандар дүйнө чемпионатын беш медаль менен жыйынтыктап, өлкө намысын эл аралык аренада татыктуу коргошту.
SEREP MEDIA